Айыл чарба министри эмнеге малды сыртка экспорттоого тыюу салынганына түшүндүрмө берди
- 20.11.2020, 11:49,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев малды сыртка экспорттоого эмнеге тыюу салынып жатканына түшүндүрмө берди:
"Айрым мал жандыктарынын түрлөрүн экспорттоого тыюу салынуусунун негизги себеби - бул төлдөй турган жандыктардын кескин азайып кетиши. Эгерде чектөө киргизилбесе бул жылы жана келерки жылдары көйгөйлөргө дуушар болобуз. Биз мал-жандыктарын жасалма уруктандыруу жолдору менен эт жана сүт продукцияларын көбөйтүүнү пландап жатабыз. Ошондуктан Айыл чарба министрлигинин алдындагы жандыктарды жасалма уруктандыруу боюнча "Элита" станциясынын ишин жакшыртууну көздөп жатабыз", - деп жазган Токтогазиев.