Президенттик шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 500 млн сом бөлүнөт
- 19.11.2020, 13:29,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Президенттик шайлоону өткөрүү үчүн бюджеттен 500 млн сом бөлүнөрү каралууда. Бул тууралуу 19-ноябрда өткөн маалымат жыйында Республикалык штабдын өкүлү Максат Мамытканов билдирди.
Анын айтканына карагада, бюджеттин тартыштыгынын президенттик шайлоого тиешеси жок.
«Каржы кыйынчылыктар президенттик шайлоого таасирин тийгизбейт», - деди ал.
Ошондой эле Мамытканов Жогорку Кеӊеш мыйзамды кабыл алса, референдум өткөрүү үчүн бюджеттен акча караларын билдирди.