У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жапаров: "Матраимов акчаны күнүгө төгүп жатат..."


Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген эки миллиард сомду күнүнө төгүп жатат. Бул тууралуу 3-ноябрда “Region” телеканалына курган маегинде президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.

Жапаров Матраимовдун ишине байланыштуу тергөө жаңыдан гана башталып жатканын айтып, аны камакка албоо тууралуу чечим саясий мүнөздө болгонун билдирди:

- "Ал паспортун алмаштырып, Матраимов деген фамилияны Ысмаилов деп которуп алып Дубайга учуп кеткени жатыптыр" деп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кармап келген экен. Алты саат сурак берди. Саясий иш болгондуктан мага кабарлашты. Камап койсок бир тыйын өндүрө албайт элек. Кеңешип, "макул, төксүн" деп саясий чечимге келдик. Эки миллиард сомду ноябрдын аягына чейин төгүп бере турган болду. Үй камагына (кайтаруу менен) чыгардык. Кармалган күнү эле 70 же 80 миллион, азыр эсимде жок, төгүп берген. Азыр күнүгө төгүп жатат. Тергөө жаңыдан башталып жатат. Дагы кандай мүлкү, эсептери чыгат, көрөбүз”.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter