У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шайлоолорду өткөрүү жана бюджеттеги тартыштыкты жоюу үчүн Кыргызстан чет өлкөдөн жардам суроодо

 
Кыргызстан алдыдагы шайлоолорду өткөрүү жана бюджеттеги тартыштыкты жоюу үчүн өнөктөш өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүү жүргүзүп, алардан жардам сурап жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Азаттыкка» билдирди.
 
Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясынын экинчи толкунуна каршы күрөшүүгө, президенттик, парламенттик шайлоо менен конституциялык реформаны өткөрүүгө жана бюджеттеги 35-50 миллиард сомго чейин жетиши мүмкүн болуп жаткан тартыштыкты жоюуга каржылык жардам суралууда.
 
Казакбаев бүгүн, 28-октябрда иш сапары менен Казакстанга барарын айтты.  Ошондой эле Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, АКШ жана Евробиримдикке кирген негизги донор өлкөлөр - Германия, Англия сыяктуу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. 

Булак: "Азаттык"


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter