Элвира Сурабалдиева вице-премьер-министр болуп дайындалды
- 28.10.2020, 15:01,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Элвира Сурабалдиева вице-премьер-министр болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Сурабалдиеванын талапкерлигин парламент бүгүн, 28-октябрда бир добуштан колдоп берген.