У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутаттар Исмаилованын тизгинин ырас тартышты


Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исмаилованын талапкерлигин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына жактырган жок. Депутаттар  Исмаилованын буга чейин жасаган иштерин катуу сынга алып, июль айында миңден ашуун адам коронавирустан каза болушуна моралдык жоопкерчилигин сурашты.

Негизи министрлик кызматка бекитүү үчүн кеминде 50 депутаттын макулдугу каралмак, бирок добуш берүүгө келгенде 34 депутат макулдугун берип, Исмаилова министрликке барбай турган болуп калды. 

Исмаиловага өкмөттүн социалдык тармагына жооптуу вице-премьер болуп туруп алып, дүйнөнү каптап келе жаткан апаат илдеттен эч кайда кача албастыгыбызды билип туруп, шалаакылык менен мамиле кылгандардын башында туруп, натыйжада миңден ашуун адамдын өмүрү кеткенин депутаттар ырас эскертишти.

Биринчи толкундан сабак албаган Исмаилова экинчи толкун башталат деп Өкмөт өзү эскертип жатканына, ошол тармакка өзү жоопкерчиликтүү экенине карабастан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо талапкер болуп кетип калды.  Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгаары менен кайрадан вице-премьерликке барып отуруп алды эле.

Анысы аз келип калгансып, эми министр болом деп алкынып жаткан айымдын тизгизин депутаттар ырас эле тартып койгондой. Элдин өмүрү, ден-соолугу тууралуу кеп болуп жаткан жерде өз ишине кайдыгер карабай, артылган жоопкерчиликти сезип, пандемияга колдон келишинче майнаптуу даярдык көргөндө миңдеген кырчындай өмүрлөр кырылбай калат беле аттиң...



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter