У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Рыскелди Мусаев Коопсуздук кеӊешинин катчысы болуп дайындалды

 
Рыскелди Мусаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.
 
Рыскелди Мусаев 1960-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Коопсуздук кызматынын генерал-майору (2011). 1982-жылы Донецк инженердик байланыш аскерлеринин жогорку аскердик-саясий окуу жайын бүтүргөн. 1982–83-жылы Россиянын Гусиноозерск шаарында Забайкальск аскер округунда рота командиринин орун басары, 1983–93-жылы Германияда жана РФте аскердик бөлүктөрдө жооптуу кызматта, 1993–2002-жылы КР Коргоо министрлигинде, КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде чек ара аскерлерин жетектөөчү кызматкер, 2011-жылдан КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлер башчысынын 1-орун басары болуп эмгектенген. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter