Милиция БШКнын мүчөлөрүн күч менен суракка алып кетүүгө аракет кылды
- 21.10.2020, 16:23,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ички иштер министрилигинин кызматкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн процессуалдык укугу жок күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 21-октябрда ИИМдин кызматкерлери келип, Боробрдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн күч менен суракка алып кетүүгө аракет кылышкан. Боршайкомдун мүчөлөрү алардын аракетине каршылык көрсөтүп, суракка баруудан баш тартышкан.