Акылбек Жапаров "Мекеним Кыргызстан", "Биримдик" партияларын шайлоого катыштырбоону сунуштады
- 21.10.2020, 15:30,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров "Мекеним Кыргызстан" менен "Биримдикти" кайра шайлоого катыштырбоону сунуштады.
"Президент, өкмөт кетти, Борбордук шайлоо комиссиясы кетип жатат. Анан эмне "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстандан" баргандар калып калайын деп жатасыңарбы? Болбойт андай! Күнөөлүүлөрдүн баары кетсин, башкаларга жол ачып берели. Элдин талабы ошондой. 120 депутаттын жүзү шайлоого катышып алып, элге жек көрүндү болдук. Арабыздан кесипкөй, деңгээли жогору 10-20 депутат барсын. Баарын жайлап салып, биз калдык деген туура эмес, аксакалдар. Алыбызга жараша иш кылалы", — деди Жапаров.