Мурунку премьер-министр Абылгазиев Каржы полициясына суракка келди
- 21.10.2020, 11:34,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 21-октябрда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына суракка келди. Анын айтымында, Каржы полициясына кечээ, 20-октябрда чакырышкан.
«Азырынча кайсы иш боюнча чакырышканын билбейм. Чакыруу кагазы боюнча, күбө катары келдим», - деди Абылгазиев.
Имараттын алдында мурдагы премьер-министрдин жакындары жана тарапташтары турушат. Алардын арасында Азиз Абылгазиев, өкмөттүн басма сөз кызматынын мурдагы кызматкерлери Адилет Султаналиев
жана Чыңгыз Эсенгул уулу
бар.