Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө президенттик кызматынан кетти
- 16.10.2020, 11:17,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Сооронбай Жээнбеков парламентке келип, расмий түрдө президенттик кызматын тапшырып кетти. Ал депутаттардын алдына чыгып сөз сүйлөдү.
"Президенттик кызматка шайланганыма кечээ үч жыл болду. Кудайдын буйругу экен, элдин колдоосуна таянып, мамлекеттик бийликтин бардык бутактары менен биргеликте ички жана тышкы саясатта бир топ иштерди аткардык. 2017-жылы президенттикке аттанганда берген негизги убадаларымды аткаруу — ушул үч жылдык эмгегимдин өзөгүн түздү", — деди Жээнбеков.