3 жыл мурда ушул күнү келген...Президент 2017-жылы 15-октябрда бийликке келип, 2020-жылы 15-октябрда кетти
- 15.10.2020, 14:53,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда отставкага кетти. Ал мындан 3 жыл мурда дал ушул күнү, 2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланган.
Сооронбай Жээнбеков добуштардын 54,22 пайызы менен биринчи орунда болсо, ал эми экинчиде Өмүрбек Бабанов (33,83 пайыз) болгон.
Жээнбеков президенттик кызматка 2017-жылы 24-ноябрда киришкен. Бүгүн ал отставкага кеткени тууралуу жарыя кылып, кайрылуу жасады.