Аянттагылар Бабанов баштаган бир катар саясатчыларга сөз берген жок
- 07.10.2020, 15:28,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
"Ала-Тоо" аянтында болуп жаткан митингге келген Өмүрбек Бабанов баштаган бир катар саясатчыларга жаштар сөз бермек түгүл трибунага жакын жолотушкан жок.
Митингде микрофон, сөз талашып улам ызы-чуу чыгууда. Буга чейин митингчилердин алдына "Ата Мекен", "Замандаш", "Реформа", "Бир Бол" партияларынын өкүлдөрү чыгып сөз сүйлөшкөн.
Чогулгандар Жогорку Кеңештин депутаттарынан жыйын өткөрүп, президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоону талап кылышууда.