"Кыргызстан" партиясы съезд өткөрүп, алдыңкы он тизмени бекитип калганын ачыктаган жок.
Тизмеде эки тизме өкүм сүрүп жатканы буга чейин кеп болуп келген. Ошол чындык экенин партия ичиндеги кандидаттар өздөрү кеп кылып нааразы боло башташты.
Сыягы, Шаршенбек Абдыкеримов менен Канатбек Исаевдин эки башка тизмесиндегилер орун талашта, мурда макулдашкан орунда болбой, көбү арткы тизмеге ыргып кетишип, араздашкан, партиядан чыгабыз деген ызы-чуунун аягы тыйыла элек.
Өзгөчө, Нарын, Ысык-Көлдөн чыккан талапкерлер Канат Исаевге өтө нааразы. Исаев учурда талапкерлердин таландысында калып, тизмени БШКга өткөрүп бербей, 25- августка чейин өзгөртүүгө аргасыз болуп жатыптыр.
Кызыгы, тизме өзгөрүп кетсе, башкалардын ортосунда нааразы болгондор чыгып, Исаевге ирээнжигендер көбөйөт тура. Негизи Канат мырзага ишенгендер ара жолдо калчу эле...