У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абылгазиевдин отставкага кетүүгө ашыгып жатканынын сыры эмнеде?


Ат-Башынын эли кытай инвестору курат деген логистикалык борборго каршы чыгып, жерибизди 49 жылга бербейбиз деп курдурбай койгонуна премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев катуу нааразы болду. Элге “бул деген чыккынчылыкка барабар да” деп сөөмөй кезеди. Ал түгүл кыргыздын малын эсептеп, “баасын эсептеп көрдүк, 1 миллиард 900 миллион доллар болот экен”, - мал багып жүрө бергиле дегендей өкүтүн билдирди. 

Ырасында, Абылгазиевге эле кыйын болду. Президент башында турган бийликтин кемчиликтеринин баары премьерге тийип жатат. Мамлекет башчысы аппак болуп, жаманатты Абылгазиев болууда. Сокку ала берип, кадыры да калбады.

Учурда кырдаал оорлошкондун үстүндө. Шайлоо жакындаган сайын чыӊалуу күчөп жатат. Мындан улам, Абылгазиев шайлоонун жоопкерчилигин алгысы келбей, эптеп кызматын тапшырып берип, мандат алып депутат болууну к­өздөөдө. Бул максат аркылуу шайлоодон кийин премьерликтен тебилип, “иттен жок, же ит байлаган жиптен жок” калуудан сактанууда. Ошол эле кезде, премьер кезинде мыйзамсыз нерселерге жол берген болсо, мандат алуу менен кол тийбестикке ээ болуп, коргонуу, коопсуздук жагын алдын алып жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter