У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бопонов «богуна» куурай сайдырбайбы?


Чүй облусттук МАИ кызматынын башчысы Шаирбек Бопоновду тыйчу бирөө барбы бийликте? 2019-жылы эки жолу Коопсуз шаар долбоорундагы Патрульдук милицияга конкурстан өтпөй калган. Анан таң калычтуусу, эки жолу экзаменден өтпөй калган немени бакандай болгон Чүй областтык МАИ кызматына башчы кылып дайындагандардын башы иштейби деген суроо туулат. 

Өзү болсо, бул кызматка Ак үйдөгү үлкөн досу, президенттин аппаратында тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Данияр Сыдыковдун колдоосу менен келгенин төш кагып мактанып айтат экен. Эми ал жерде да жөн иштебей, Сыдыковго таянып алып, өздүк курамды эки-үчкө бөлүп, төмөнкү курамдагы кызматкерлерди теңине албай, аларды киши катары көрбөйт тура. Мындай текеберликтин кесепети чоң жарылууга жеткени калыптыр. ИИМ министри Кашкар Жунушалиевди тоготмок турсун, аны жетекчи катары да көрбөйт окшобойбу. 

Кыскасы, Бопонов деген неме “богуна” куурай сайдырбаган, суудан кургак суурулуп чыккан жан бакты тура. Тигил Сыдыков деле кызык неме экен, Бопоновдун коргоп кандай пайда табат эми? 

Буга чейин, Бишкек шаардык МАИ кызматына ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун жардамы менен келгенин айтып, аны менен чогуу түшкөн сүрөттөрү бар экенин айтып мактанып жүрчү экен. Эми ошол Сапар Исаковдун ден-соолугун сурап, түрмөгө тамак-аш киргизип турат болду бекен? Болбосо шаардык МАИ кызмат ордун полковник Талант Барпиевден тартып алганы ырас эмеспи. Приказ Барпиевге чыккандан үч күн өтпөй, кайдан-жайдан кайра Бопоновго приказ чыгып жатпайбы? 

Өкүнүчтүүсү, кечээ жакында 5-взводунда кандуу окуя катталды. Милициянын прапорщиги М.Сагыналиев өмүрү менен кош айтышты. Аны өзүн-өзү атып өлтүрдү деген тыянак чыгарып коюшту. Бирок эмнеге, кандайча деген суроолор ачык бойдон калууда. Бул боюнча башчы Шаирбек Бопонов эч кандай тартиптик жаза алган жок! Эмнеге?! Демек, Бопонов Ак үйдөгү “крышасынан” башка эч кимди тоготпойт деген чындык окшойт.

Кыскача ушул, келеркиде Бопоновдун өмүр-таржымалын, ишмердүүлүгү боюнча сөз кылабыз...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter