Абылгазиев: «Мугалимдер 30 миң сомго чейин айлык алып жатышат»
- 13.05.2020, 11:26,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-майда парламентте: «Бүгүнкү күнү бийик тоолуу аймактарда мугалимдер 30 миң сомго чейин айлык алып жатышат. Мугалимдердин айлык акысын көтөрүү менен биз бул кесиптин артыкчылыгын көрсөтө алдык», - деп балп этти.
Анын айтуусунда 2019-жылы республикалык бюджеттен 5 млрд. сом бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүгө жумшалган. Анын ичинен 120 миң мугалимдин айлык акысы 30% көбөйгөн. 132 мектеп жаңыдан курулган.
Ким ишенди эл-журт. Аябай эле өнүгүп жаткан окшойбуз… 30 миӊ сом айлык алып жаткан мугалимдер, эмнеге маянаӊарды жашырып унчукпайсыӊар?..