У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Санкт-Петербург шаарында Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулат


Кинорежиссер, СССРдин Эл артисти жана дипломат Төлөмүш Океевдин бюсту Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы өзү окуган Киноинженерлер институтунун алдына орнотулат. Бул тууралуу маалымат булактарына Океевдин кызы Азиза Океева кабарлады.

“2018-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев ушундай идеябыз бар, аткаралы деп айткан. Бирок ар кандай себептер менен жылып келе жаткан. Ортодо коронавирус пандемиясынан улам токтоп калды. Эми азыр аягына чыгаралы деп акылдаштык”, - деди Океева.

Бюсту скульптор Аскар Турумбеков жасап, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары демөөрчүлүк кылган.

Океев 1935-жылы Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. 2001-жылы 66 жаш курагында жүрөк оорудан Анкарада каза таап, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter