У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Буттары балта менен чорт кескендей..." Анжелика кыздарынын абалы тууралуу жазды


Ырчы Анжелика Караколго эс алууга бара жатып жол кырсына кабылып, учурда кыздары менен ооруканада. Кырсыктын кесепетинен ырчы айымдын бели, кичүү кызы Айлиндин буттары сынганы маалым болгон.

Анын абалын сурап тынчсызданган күйөрмандары үчүн ырчы айым кыздарынын, өзүнүн абалы тууралуу жазып чыкты:

"Түптүн ооруканасынан Айлиндин бутун рентгенге тартып чыгарып беришти. Жаздыкты катуу кучактап ыйлаганымдан эч жерим ооруганын сезбей калдым. Тизеден өйдө балта менен чорт кескендей көрүнүш кызымдын буттары экенине ишенгим келбеди. Азыр шок абалдан чыга албай жатам, дуба кылалы" дейт ырчы айым. 

Ошондой эле улуу кыздары Айыма, Элима Бекболиевалардын да абалы тууралуу айтып, кыздарынын чыдамкайлыгына ыраазы болгонун жашырган жок.





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter