У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Анара Сыдыгалиева: "Сатыкемдин сыр сандыгы..."


Жоголгон   бычактын  сабы  алтын...
Канчалык  турмуш   жакшырып  бара  жатканы   менен  адам  баласына таандык  боорукердик, айкөлдүк, кечиримдүүлүк  сапаттарыбызды  жоготуп   бара  жатабыз. 

Сатыкем   көрсө,  жан  дүйнөсү   өтө  назик,  ашкере   боорукер  адам болгон  турбайбы,   аттиң, көзүнүн  тирүүсүндө   бул  сапаттарын  баалай   билбептирбиз.  

Той-аштарга  барганыбызда,   Сатыкем  колуна  дүйүм   тамак  салынган  баштык   көтөрүп  чыгып  баратса, Бексултан  Жакиев  агабыз: «Сатыбалды  карыганда  эмнеге   баштык  көтөрүп кетет,  буга   эмне  жетпейт», -  деп кобураганын  угуп, биз  деле ага кошула,  ичибизден: «Жарыктык  киши» -   деп,  ойлонуп  калчу   элек.  

Бир  жолу   театрда  түлөө  берип   калдык,  Сатыкем,  эл   тараганда  мага  баштыкка   салынган устуканын берип: Мобуга  кошуп,  таттуудан,   боорсоктон  көбүрөөк  салып   койгула», -  деген. Мен  айтканын  эки   кылбай,  баарынан  ырастап,   толтура  салып  бердим.   

Анан  Сатыкем   каза  болуп  калды.   Бир  нече  күн   бою  кеч  угуп   калгандар  үйүнө  келип   куран  окутуп  кетип   жатышты.  Мен  да   жардамдашып  ошол   жерде   элем. Бир  күнү   ондон  ашык  аксакалдар  каадасы  менен  өкүрүп   келишти.  Эмнегедир  улам   бири  сооронсо,  экинчиси   шолоктоп  ыйлап  жатышты.Дасторкон  үстүндө  да,   улам  бири  буулугуп   ыйлайт,  бир  топ  убакыттан  кийин  бир  карыя:  «Мээрбаныбыздан  айрылдык,   көңүл  ачаарыбыздан  айрылдык» -   деп,  буркурап,  үн   чыгарып  ыйлап  жиберди.   

Көрсө,  келген   аксакалдар  «Карылар  үйүндө»   жашаган  карыптар  экен.   Сатыкем  баштыктарын  көтөрүп,   түз  эле  «Карылар  үйүнө»,  ошол  аксакалдарга    барчу  тура.  Адегенде   Сатыкемди  тааныган  бир   аксакал:  «Ушул  жакка   түшүп  калдым» -  деп,  телефон  чалыптыр, анан  ошол   аксакалга  учурашканы  барып,   калган  карылар  менен   таанышып  калган  экен.   Баштыгын  эле  көтөрүп   барбастан,  бош  убагында атайлап  барып,  алар   менен  көпкө  чейин   олтуруп,  көңүлүн  көтөрүп,   жашоосун  узартчу  турбайбы.    Анысын  үй-бүлөсү  деле   билчү  эмес  экен.     Жаш  кезибизде   айыл  кыдырып,  гастролдорго   барганыбызда,   кайсыл  облустан   болбосун  жигиттер  издеп   келишип,  көкөлөтө  сыйлаганына   да  күбө   болгонбуз.    Алар  Сатыкемдин  студенттери  болчу.  Студенттерине  үйүндө   жубайы  Мираидага  чоң   казанга  тамак  жасатып,   курсактарын  тойгузуп  жүргөнүн    угуп  калганбыз. Ушунун  баары,   бизге  айткан  акыл-насааты   да,  Сатыкемдин  Адам деген  атты  бийик   тутуп  жашап  өткөнү,   анын  улуулугу  деп   билдим.

КР эмгек  сиңирген артисти   Анара   Сыдыгалиева





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter