Соттун чыгарган чечимине ылайык, ырчы Самара Каримова 15-январдан тарта Оштогу музыкалык окуу жайдын жетекчилик кызматына киришмек. Бирок дагы деле Каримованын директор болуп келишине нааразы болгон жааматтын нааразычылыгы уланып жатат. Алар ырчынын жетекчи болгонго билими, тажрыйбасы жок экенин айтышууда.
Мындан улам, музыкалык окуу жайда билим берүү үзгүлтүккө учуруп,окуу жайга укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишкен.