У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сулайман Рысбаев: "Сыйлыкты тапшырып салам дегендер - көп жылы саргарып эмгек кылбай алгандар"


Ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу долбоорунан кийин анын "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жокко чыгарылып, анын көрсөтүүсүнө мейман болгон ырчы Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлигинин сунушу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына расмий жөнөтүлгөнү маалым болду. 

Мындай чечимден кийин сахналаштарын коргоо максатында шоубизнесте жүргөн бир топ өнөр ээлери алган сыйлыктарын кайтарып берүү чечимин кабыл алышып, "Сыйлыктардын эч кандай пайдасы жок экен" деген пикирлерин айтып чыгышты.

Өнөр сересинде, театрларда, филармонияда, маданий-агартуучу мекемелерде 30-40 жылдан ашык эмгек кылып, жаштар чанып жаткан сыйлыкка зар болуп жүргөндөр толтура экени бардыгыбызга маалым. Жаштардын сыйлыктын пайдасы жок экен деген пикирине улуу муун кандай көз карашта экенин билүү максатында окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор, белгилүү балдар жазуучусу Сулайман Рысбаевге микрофон узаттык.

Азыр сыйлыгын тапшырып салам деп кыйын болуп өзүн көрсөтүп жаткандар - алган сыйлыгына такыксыз аламдар өздөрү. Алар сыйлыкты көп жылы саргарып эмгек кылбай алгандар. Сыйлык аларлык сыймыктуу иш кылбагандар. Элине эмгеги сиңип сыйлык алгандар антпейт. Мисалы, Курал Чокоев сыяктуу жасалма мега жылдыздар бизде көп. Ырдаган ырынын тарбиялык маңызы жок. Чатырда уктап жатканда,... же Арыктан суу ичебиз....деп ырдаган ырынын, кыйшактаган кыймылынын эмне кереги бар? Кыргызды бузуп жаткан ошол Курал сыяктуу ырчылар.  Маданият министрлиги туура кылат. Бирок ал министрлик өзү ушунун баарын ушул күнгө чейин сыйлыктарды  туура эмес берип жатып баркын кетирди. Буга чейин ойлонсо болмок. Эки ооз ыр билгендин баарына "Маданияттын мыктысын" берип жатып, баарын тайраңдатты. Эми ошого өкүнүп жатат. Менин оюма койсо, мамлекет адамдарга 50 жашка чейин сыйлык берүүнү токтотуу тууралуу Мыйзам чыгарса жакшы болмок. Мен ушундай сунушту Президентке, Жогорку Кенешке , Өкмөткө сунуш кылат элем. Муну жалпы эл колдойт эле деп ойлойм. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter