У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Самара Каримова айымдарга кантип сулуу, сүйүктүү, ийгиликтүү болгонду үйрөтөт


Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова айымдарга арналган 7 күндүк марафон өткөрөт. 7 күндүн ичинде айымдарга кантип өзүн сыйлашты, сүйүктүү, ийгиликтүү болгонду үйрөтөт. Анын мындай кадамга баруусуна катталуучулары себеп болгон. Анткени ырчы айымдын айтымында ага "жолум жок", "сулуу эмесмин", "жолдошум менен көп урушам" деген суроолору менен даттанган айымдар абдан көп. 

"Силер каалаганыңардын бардыгына ээ болуп, каалаганыңардын бардыгын жасап жана каалаганыңардай боло аласыңар. (Джо Витале) Ойду туура ойлонуу керек, кандай ойлонсоңуз жашооңуз да ошол оюңуздай боло берет. Мага көп айымдар өздөрүнүн проблемалары жөнүндө көп жазышат. Мисалы: эмне иш кылсам болбойт, жолум жок, сулуу эмесмин, өз оюмду айта албайм, туугандар түшүнбөйт, жолдошум менен көп урушам, балдарым укпайт, фигурам жакпайт, арыкташым керек жана башка толтура суроолор. Буйруса 7 күндүк марафон онлайн окуу өткөрөм" дейт ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter