У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мирбек Атабеков: "АКШга коркутуулардан улам кетиптир деген жалган маалымат"


Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков учурда үй-бүлөсү менен АКШда. Анын чет өлкөдө жүргөнүн көргөн күйөрмандары "АКШга саясий коркутуулардан, куугунтуктан улам кеткен окшойт" деген божомолдорун жазып жатышкан. Ырчы аталган пикирлерге жооп берди:

"Бул жалган маалымат. Биз ар жыл сайын АКШга кайын журтума конок болуп келип турабыз. Бул жолу да ошол максат менен келгенбиз. Жогоруда айтылган маалымат туура эмес, бул жөн гана айрым адамдардын фантазиясы деп ойлойм. Бардыгын туура түшүнүү менен кабыл алам", - дейт ырчы.

Эске салсак, 5-6-октябрда БИшкекте болуп өткөн толкундоодо Атабеков сөз сүйлөп, анда жалындуу кептерин тайманбай айткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter