У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атактуу Абазовалардын агасы кайрымдуу инсандардын жардамына муктаж


Кыргызга аттын кашкасындай таанымал бир туугандар Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Таалайкан Абазова менен эстрада ырчысы Нуриза Абазованын бир тууганы Бакытбек Абазов тез арада операцияга муктаж. Ал бир жарым жылдан бери боордун циррозу жана 2-типтеги кант диабетинен жабыркап келет. Бул маалыматты актриса социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөп, материалдык жардам керек болуп жатканын айтат:

“Кайрымдуу кыргыз элим, кадырман калайык калкым бүгүнкү күндө биздин бир тууганыбыз 1969-жылы туулган Токтогул районунун Торкен айылынын кулуну Абазов Бакытбек өтө оор абалда жатат. Диагнозу: боордун циррозу (ото оор), 2-типтеги кант диабети. Тез арада боорун алмаштыруу үчүн көп суммадагы акча каражаты керек экен.
Азыркы күндө бизде анчалык каражат жок болгондуктан агабыз калың журттун жардамына муктаж болуп турат, Бакыт агабыздын ден соолугуна кайдыгер карабаган кайрымдуу, боорукер инсандарыбыздан жардам сурайбыз. Көп түкүрсө көл болот демекчи сиздердин көрсөткөн кичинекей материалдык колдооңуздар менен Кудайым шыпаасын берип, агабыз дарттан арылып кетээр деген изги тилек менен сиздерге кайрылып, жардам сурап жатабыз”,- делет маалыматта.
MBank 996773454532
Элсом: 0773454532
счет :1280016055483609 сом
счет :1280016055483306
счет : 1280016055483407 $


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter