У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамлекеттик иш-чараларга чакырганда келбеген ырчыларга чара көрүлөбү? Министрдин жообу…


Мамлекеттик иш-чаралар биринчи орунда турушу керек. Кээ бир ырчыларды анча-мынча мамлекеттик иш-чараларга чакырып калсаӊ, тоюм бар эле дегенин угуп жүрөм. Мамлекеттик иш-чараларга чакырганда келбеген ырчыларга чара көрүү керек. Мындай пикирин маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Reporter.kg’ге маек куруп жатып билдирди.   
  
“Өзбекстанда эстрада ырчыларына лицензия берилсе ырдай алат, бербесе ырдай албайт. Ал эми Кыргызстанда андай эмес, бизде эстрада ырчылары той бизнеси аркылуу каражат табат. Анткени лицензия берип, аларды мамлекет каржылоого күчү жетпейт. Бирок мамлекеттик иш-чаралар биринчи орунда турушу керек. Себеби ушул мамлекеттин мыйзамы менен жашап, наам алып жатасың. Кээде ырчыларды анча-мынча мамлекеттик иш-чараларга чакырып калсаң, тоюм бар эле деген ырчыларды дагы угуп жүрөм,   мындайга чара көрүү керек”, – деди Кадырбеков.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter