Анжелика: "Ырдай алсам, албасам дагы мен кыздарымды өзүм багып жатам"
- 14.10.2020, 13:53,
- Маданият
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Эстрада ырчысы Анжелика "кыздарыңды кучаптап үйүңдө жата берчи", "ырдай албайсың" деп сындагандарга жооп берди.
"“Кыздарыңды үйүңдө кучактап жата берчи сен”- дегендерге жооп: “мен жата берсем силер багасыздарбы кыздарымды?”. Алардын келечегин сиздер түзүп бересиздерби? Бүгүнкү күндө бардыгыбыз балдарыбыздын келечеги үчүн үн катып жатабыз. Ар бир инсандын ийгилиги- ал өзүнүн гана аракетине таандык. Ырдай алсам , албасам дагы мен кыздарымды өзүм багып жатам, эч нерседен кем кылбай. Жаманмынбы , жакшымынбы, жыйынтыкты көрсөтүп жатам. Көптөргө кол сунуп жатам. Мен деле эл арасындагы идеалдуу эмес адаммын. Бир пендемин. Өз көз караш, ой, аракетим бар. Жаман нерсе мага жазганыныз менен- өзүңүзгө эле жаман кылып жатасыз" дейт ал.