У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айнура Салахидинова: "Египет мен ойлогондон да кооз жер экен"


Быйыл кышкы эс алууну ысык жайда өткөргөн шоу бизнестин өкүлдөрүнүн арасында ырчы Айнура Салахидинова да бар. Ырчы сезимдери менен бөлүштү.
 
  • Айнура айым, Сиз көргөн Египет кандай экен? Кандай эс алдыңыздар?
  • Эң сонун эс алуу болду. Жолдошум экөөбүз баш кошкондон бери жыл сайын барабыз деп жүргөнбүз, бирок чолоо тийбей жатты. Себеби балалуу болгондон кийин эс алууга убакыт бөлүү кыйыныраак болуп калат экен. Жолдошум өзү чет өлкөлөргө чыгып турчу. Мени качан алып барасыз деп сурай берчүмүн. Кудайдын буюрган күнү быйылкыга туура келип, досторубуз менен бирге Египетке барып эс алып кайттык.

  • Жалгыз барбай, достор менен барган өзгөчө болот экен. Үй-бүлөлбүз менен катышкан 6 үй-бүлө балдарыбызды калтырып, кыз-жигиттердей болуп эс алып келели деп 12 адам эс алып келдик. Досторубуздун көбү чыгармачыл адамдар болгондуктан, кышка чейин баарыбыздын колубуз бошобойт экен. Ошол үчүн эс алууну кышкыга, тойлор азайган маалга туураладык.   Экзотиканы, сууну, балыктарды, кумдуу чөлдү көрөлү деп Египетке бардык. Египет мага аябай жакты, ушунчалык таза, кооз жер экен. Ал жерде кыш деген болбойт экен. Отун алуу, шуба сатып алуу, кышка даярдануу деген жок экен. Ошентсе да биздин 4 мезгилдүү мекенибизге жетпейт. Балдарымды эки апабызга (кайын энем, апам) таштап кеткенбиз.
 
  • Эки иштен бир иш клип да тарта келиптирсиз?
  • Ооба, досторубуздун арасында профессионалдуу фото-видео студия жетектеген досубузга бир эмес, эки  клип тарттыра  келдим. Бирөөсүн жакында эле элге жарыяладым. Экинчи ырымдын клиби даяр, Г.Сатыбековдун “Ак сүйүүнү сыйлайлы” деген ырына тарттырдык. Клипке достордун бардыгын коштук. 

  • Жыл сайын саякатка чыгып, эс алып туралы деп пландап жатабыз. Кийинки барганда 3 баламды тең алып баралычы деп жатам. Башында балдарга чалбай жаткам, аягында кызымды сагынып ыйлап жибере жаздадым. Апамдар бизди ойлобогула, баары жакшы, жакшы эс алып келгиле деп жоотконуп жатышты. 

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter