У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Фарида Карбосова: "Кудайым буюрса, мен дагы бала жытын жыттап калчу күн алыс эместир..."


Ырчы Фарида Карбосовага күйөрмандары эне болуу бакытын каалап жатышат. Ал жакында эле аяш кызы менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, 
"
Эч нерсе менен иши жок, ыплас нерсе дегенди билбеген, бүткүл дүйнөсү аруу, бейиш жыты жыттанган бала, бакыт эмей эмне!? Мына ушул бакыттын даамын ар бир инсан таткан болсун. Бул жашоого жаралган ар бир пенде өмүрү өткүчө ата-апа статусуна ээ болушун тилейм.
Курбум  Айнуркамдын кичинекей периштеси аяш кызым Лоло менен. Ыймандуу ырыстуу кыздардан болуп чоңойсун, бактылуу балалык каалайм. Кудайым буюрса мен дагы бала жытын жыттап калчу күн алыс эместир. Кудайым берээрин унутпасын" 
деген билдирүүсүн калтырды. 


Эске салсак, ырчы айым өткөн жылдын декабрь айында белгилүү теле алып баруучулардын бири менен пикири келишпей, нааразылашканда  “Бала Аллахга аманат. Бала менен эч ким башкаларды кемсинтпеш керек. Кудай мага ушундай пешене жазыптыр, баланы кол менен жасап аламбы? Бала деген Кудай берчү иш. Кудайдан үмүтүм бар, мен дагы балалуу болом, буюрса!" деген пикирин жазып чыккан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter