У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Динара Тилекеева: "Дүйнөдөгү эң сулуу аял бирөө эле болсо, ал менин апам"


Чыгармачылыкта изденүү болуп турбаса болбойт. Ар дайым изденүүнүн гана үстүндө жүргөн ырчы айым Динара Тилекеева менен дил маек.

- Динара эже, куш бооңуз бекем болсун. Үй-бүлө менен чыгармачылыкты оңой эле айкалыштырып жатасызбы?

- Рахмат, кудай буюрса жетишкенге аракет кылып жатабыз. Эң негизгиси жүрөктө каалоо болсо, бардыгына жетишсе болот деген ойдомун. Башында жолдошумдун кызганган учурлары да болбой койгон жок. Бара-бара мени менен кошо барып, кандай жумуш жасап жатканымды көрүп, баштагыдай кызганбай, түшүнүү менен мамиле кылып калды. Кээде бир жактарга чогуу барып келели десем койчу, сени күтүп отургандан көрө мен эс алайынчы, өзүң эле барып келе берчи деп ишеничи чоң болуп калды. Колубуз бошой калганда ата-энелерибизге барып, кабар алып келебиз. Кудай буюрса жакшы жашап жатабыз.


- Репертуарыңызды жаңылап жатат окшойсуз?

- Жаңы ыр жаралганда жүрөгүң дагы жаңыргандай өзгөчө сүйүнүү болот. Ошентип сүйүнүп жүргөн кезим. Энелер жөнүндө канча ыр жаралса да аздык кылат эмеспи. Мен апамды ушунчалык жакшы көрөм. Апам менин колдоочум. Дүйнөдөгү эң сулуу аял бирөө эле болсо, ал менин апам, эгер төртөө болсо, ошонун бири менин апам деп айта алам.  Башкалар да апамды көргөндө ушунчалык сулуу аял экен дешет. Апамдын сырткы келбети эле эмес, ички дүйнөсү да ушунчалык сулуу. Өзүнүн уул-кыздарынан сырткары анча-мынча жардамга муктаждарга да кол сунуп, жардамын аябайт. Апам менен мактанам, апамдын өмүрүн тилейм, көп жашаса экен деп тилек кылам. 

Турмушта ар кандай нерселер башыбыздан өтөт экен, ар кандай тагдырга туш болот экенбиз. Жашоодо кийген кийимиңе, акча-тыйын, байлык-бийлигиңе карбай, кандай болсоң ошол бойдон бир гана апабыз бизди сүйө алат экен. Менин эле эмес, бардыгынын эле апасы балдарын ошондой сүйөт болушу керек. Мына ушундай таасирдүү ойлорду камтыган "Апама" деген жаңы ыр жаздырдым. Кээде апамды сагынганда өзүмдүн ырымды өзүм угуп алып, ыйлаган күндөрүм да болот. Ал ырдын обонун белгилүү төкмө акын, обончу Баян Акматов жаратса, сөзү Нуркыз Рыскул кызына таандык. 



Алгач "Бир гана апам мени чанып кетпейт" деген ырдын сөзүн социалдык тармактардан көрүп калып жактырып, автор менен байланышып, обон жаздырсам болобу деп өтүнгөм. Автор көп эле обондор жаралганын айтканынан обондорду угуп көргүм келди. Арасынан сөзгө ушунчалык шайкеш келген обон Баян Акматовдуку экен. Төкмө акындын обонун угуп жатып ушунчалык дүйнөм арууланды, ырдагым келди, жаздырып авторлорго угуздум, жакшы кабыл алышты. Авторлорго терең ыраачылыгымды билдирем. Мындан сырткары "Мен кыргыздын бир кызы" деген ырды жаздырайын деп камданып жүргөн кезим.

- Чыгармачылыктан дос көп таптыңызбы же тескерисинчеби?

- Дос көп таптым. Бирок достун баары эле дос эмес, дос сыяктуулары да көп болот экен. Бул эми эришаркак жүргөн нерсе экен. Бирок кастардын бар болгону деле жакшы. Бизди камчылап, өсүүбүзгө түркү берген адамдар ошолор. Андыктан досторго да, кастарга бирдей эле өмүр тилейм.

Фабула Пресс

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter