У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чалова жолдошуна: "Кызымдын "Атам качан келет, сагындым" деген сөзүн укканда бүт дүйнөнү өрттөп салгым келет"


Ырчы Айгүл Чалова жолдошу башкага үйлөнүп алганын жазып чыккан. Үйлөнгөнүнө бир ай болбой жатып кызын унутканына капа болгонун билдирди: 

"Бөксөргөн көңүл толушу кыйын.
Кыялың учса конушу кыйын,
Айтматов сөзү жүрөктөн кетпейт,
Адамдын адам болушу кыйын" демекчи,
асамыңды уратып жатса дагы өз ордун билген, мээримин аябаган энеби, атабы бала үчүн жашоого милдеттүү экенбиз.
Дүйнөлүк психологияда ичиңдеги ызааңды калтырбаш керек дешет, ошондуктан мен каалаган учурда көңүлүмдөкү болгон нерсени өз баракчама жазууга укугум бар.
Менин жашоомду тымызын жүрүп кырсыкка учураткан адамдарды билип тобоо кылдым. Алар мындай көрүнүштү түшүнө албайт, анткени алардын телегейи тегиз, бирөөнүн убал сообу менен эсептешпейт. Ушунча ага болгон ишеничимди артып, анын дагы кемчиликтерине көз жумуп жашап жатканда, бирөөнү таап, кызым экөөбүздү чанып кеткени бул күтүүсүз нерсе болду. Күтпөгөн адамыңдан күтүлбөгөн нерсени күтүү өтө оор экен. Убакыттын өтүшү менен баарын жеңүүгө болот. Өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп жашоосун ылайыктап коюп, бир ай боло электе биз менен иши болбогонуна таң калам. Кызымдын ооруп жатканын айтсам дагы үн дебедиң, эмне ичип эмне жеп атат ал сени ойлондурбайт анткени сага акчаң чөнтөгүңдө толук калганы маанилүү, сен эч нерседен кем болбой бактылуу жашашың керек, аны түшүнөм бирок сен бизди түшүнгөн жоксуң. Буйруса кудайым өмүр берип, ден соолук берсе, биз дагы чоңойобуз, Ин Ша Аллах. Кызымды карап отуруп "Атам качан келет,сагындым" деген сөздөрүн укканда бүт дүйнөнү өрттөп салчу абалга келем. Кызың сени кандай жакшы көргөнчөлүк сен кызымды аталык камкорго муктаж наристе катары көрө албадың. Сен мага башка болсоң дагы сен кызыма атасы бойдон калаарыңды унутпа. Эртеңки күнү эрезеге жетип ак менен караны айрымалап калганда сенин ушул кылган кылыгыңды кечирээр бекен. Аял байкуш тебеленсе да бала ташталбаш керек. Апасы мен бармын, чоңойтом, окутам, адам кылам. Бирок атанын орду башка. Бир туруп кызымдын атасы катары сени күнөөлөгүм келбейт. Сени бузуп акылыңдан адаштырган адамдарды күнөөлөйм. 
Алганыңа айтаарым: жашоо эми башталды, алды дагы сыноолорго даяр бол, кайтаар дүйнө демекчимин. Айта берсем сөз көп, бирок бир ок деген сөз бар. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter