У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нуркыз Караева: "Бардык үнүм менен кыйкырып апамдын үстүнө жыгылдым...Бизди түбөлүккө таштап кете берди "


Алып баруучу Нуркыз Караеванын апасы дүйнө салды. Ал бул тууралуу өзү жазып чыкты. 

"Мамам менен болгон акыркы күн. Таңкы саат 9.30. Эжем түнү менен мамамдын жанынан чыккан жок. Ак халатчандар менен бирге эле "Кызыл зонада" жүрдү. Эжемди үйгө кетирип, мамамдын жанында мен отурдум. Уктап жатабы деп врачтан сурасам "Она без сознании" деди. Мамамдын кулагына улам "Мама!Мама!" дей бердим. Балким мени угуп, көзүн ачабы дедим. Оозуна суу тамчылаттым. Аябай күч менен дем алып жатты, аябай жашагысы келгендей күрөшүп жаткандай болду. Төшү кадимкидей өйдө көтөрүлүп, жүрөгүнүн согушу көрүнүп турду. Андан кийинкиси кинодогудай болду...Аппараттын баары өчтү толкундарды көрсөтүп жаткан экран 3 полоска болуп калды...

Бардык үнүм менен кыйкырып апамдын үстүнө жыгылдым! Апам унчукпады. Жер тепкилеп ыйлап, чуу салдым... Бизди, жакшы көргөн балдарын, түбөлүккө таштап кете берди. Мамамдын ордуна колубузга мамамдын кийими толгон пакеттерди карматып коюшту...
Көп чекиттин ордуна көз жаштарым тамчылап жатканын билдиң бекен мама! Бала үчүн эненин сүйүүсүнөн өткөн айныбас сүйүү жок го, деп ойлойм"
дейт ал.

"Фабула kg" сайытынын жамааты жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter