У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Комуз жумалыгынын" алкагында залкар комузчулар эскерилди


Комуз жумалыгынын алкагында 8-сентябрда залкар комузчулар эскерилип, маданият өкүлдөрү алардын эстеликтерине гүл коюп, таазим этишти.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жер-жерлердеги эскерүү иш-чараларына эл артисттери, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, өнөр адамдары жана жаңы таанылып келе жаткан жаш комузчулар катышты.
Гүлчамбарлар Бишкекте Токтогул Сатылгановдун, Ош шаарында Ниязалы Борошевдин жана Ысык-Көл облусунун Корумду айылында Карамолдо Орозовдун айкелдерине коюлду.

Кыргызстанда быйыл 7-13-сентябрда Комуз жумалыгы жарыяланып, эпидемиологиялык шартка байланыштуу бул иш-чара онлайн форматта өтүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter