Атактуулардын арасында дин жолуна түшуп, жоолук салынгандардын катары көбөйүүдө.
Буга чейин эл көзүндө жүргөн айымдардан Айжан Акылбекова, Кызсайкал Кабылова жоолук салынып, шарияттын талаптарына ылайык кийинип жүрүшсө, алардын артынан алып баруучу Нурзат Токтосунова, Айпери Кубик кызы, Бегимай Бекбоева жоолук салынгандарын айтып чыгышты. Ошондой эле ырчы Малика Дина да 5 маал намаз окуп жатканын күйөрмандарына сүйүнчүлөдү.