У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Апрель революциясынын 10 жылдык юбилейине карата спектакль коюлат


Быйыл апрель революциясына 10 жыл толот. Мындай саамалыкка карата тарыхый окуяны чагылдырган спектакль коюлат. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги драмалардын сынагын  жарыялап, пьесаларды кабыл алуу жарыялаган күндөн тартып, 2020-жылдын 15-февралына чейин жүргүзүлгөн. 

Сынактын максаты- апрель революциясына байланышкан замандын курч көйгөйлөрүн камтыган жаңы образдарды жаратуу, драмалык чыгармалар ар түркүн жанрда жазылып, болуп өткөн турмуш чындыгын, драма, трагедия жана комедия аркылуу чагылдыруу зарыл.

Мындан сырткары чыгарма аркылуу бүгүнкү заманда жеке адамдын, үй-бүлөөнүн жана коомдук процесстерди көркөм чагылдырып көрсөтүү, кыргыздын чыгаан эр азаматтарынын патриоттуулугун даңазалоо аркылуу, улуттук драматургиянын өнүгүүсүнө шарт түзүү, театрлардын репертуарын байытууга көмөктөшүү, жаңы чыгармалар аркылуу көрүүчүлөрдү театрга тартуу жана драматургия жаатында жаңы ысымдардын пайда болушуна өбөлгө түзүү максатын көздөйт.

Ошондой эле апрель революциясынын 10 жылдыгына карата драмалык чыгармалардын сынагына 315 миң (үч жүз он беш миң) сом акча каражаты каралган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter