У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тамадалар билимин өркүндөтөт...


Жыл өткөн сайын той берүү чоң салатанатка айланып бара жатат. Тойлордун укмуштуудай гүлдөп өнүгүп жатканын хан сарайдай жаркыраган кафе-ресторандардын көбөйүп бара жатканынан баамдоого болот. Шааниси көп тойлорду тамадасыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Ошол себептен азыр экинин бири тамада. "Баарыбыз эле окшош сүйлөп, окшош оюндарды уюштуруп калдык, өнүгүү керек" деген демилге менен  алдыңкы тамадалар атайын тамадалыкка үйрөткөн тренингдерди уюштуруп башташты. 

"Акыркы 10 жылда ивент индустрия катуу өнүккөнү менен алып баруучулар бири биринен айырмаланбай, элге окшош сценарий гана сунуштап калышты. Абалды өзгөртүү үчүн биз асабалар өзүбүздөн баштайлы деп чечтик. Россия, Казакстандагы алып баруучулар форумдарынын бай тажрыйбасын колдонуу менен биздин тамадаларга ылайыктап атайын натыйжалуу тренинг түздүк. Тренинг төмөнкү 4 бөлүмдөн турат. Ар бир катышуучу разминка, мастер-класс, брейнсторминг жана практикада өзүн сынай алат" дейт тренингдин уюштуруучулары.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter