У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жылдызбек Турсунбаев адаштардын башын бириктирүүдө

Акын, алып баруучу Жылдызбек Турсунбаев чыгармачылыктагы аты окшош (адаш) инсандардын башын бириктирген өзгөчө долбоор ачып, ийгиликтүү ишке ашырып жаткан кези. Автор менен баарлаштык.

- Жылдызбек ага, идеянын жаралыш тарыхына токтолсоңуз?
Чыгармачыл адам ар дайым изденүүнүн үстүндө, жаңы нерсе жаратуунун үстүндо жүрөт эмеспи. Анысы карагандай мен эмгектенген Манас радиосунда ар жылы иш башталаарда чоң жыйын жасап кимде жаңы нерсе бар деп сурашат. Мурунку уктурууларымды токтотуп башка долбоор баштагым келип жүргөн. Бассам-турсам да не кылсам болот деп ойлонуп калдым. Бир күнү уулумдун "Кыргыз адабияты" китебин барактап олтуруп Касымалы Жантөшов, Касымалы Баялинов катар жайгашкан авторлорду эске салдым. Негизги идеа ушул жерден келди. Булар кимдер? Адабияттагы аты окшош инсандар. Демек булар атташтар же жумшак айтсак адаштар. Мына ошол мүнөттөн тарта долбоорумду жазып, өркүндөтө баштадым. Башында тек гана ысымы окшошторду чакырып маек курайын, чыгармачылыктагы окшош жактарын, айырмачылыктарын ачып берейин деп ойлогом. Кийин замандын талабына ылайык бир аз шоу кылбасам, жарыштырбасам, таймаштырбасам болбойт экен деп чечтим. 1 жылдай мээмде, ичимде багып жүрдүм. Кудайым буюруп жаңырган 2020-жылдын башы менен эфирге, "Медиа Манастын" ютуб каналына алып чыктым. Буюрса жакшы кетип атат.

- Адаштар кандай кабыл алып жатышат?
- Негизи программанын кыйынчылыгы чыгармачылыктагы, адабияттагы, шоу-бизнес, спорттогу атташ эки адамды бир учурга, бир жерге алып келүү болууда. Биринин убактысы туура келсе, бириники окшошпойт. Анткен менен ылайыкташтырып чакырып жатам. Ар келген адаштар чынында сүйүнүү менен кабыл алып, мурда-кийин буга окшогон программага катышпаганын, аттары окшош дагы мындай артисттер бар деп белгилеп берип кетип атышат.


 Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter