У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гүлнара Кахарова менен Салима Балтаеванын тамашасын күткөндөр арбын...


Ансыз деле күлкүсүнөн кайгысы көп жалганда күлүп жүргөнгө не жетсин? Өздөрү эле күлүп тим болбостон, башкаларга да күлкү тартуулап, күйөрмандарын кубандырып жаткан эл баалаган таланттар Гүлнара Кахарова менен Салима Балтаеванын тамашалашкандары элге жагып жаткан кези. Тамашанын башы ырчы Салима Балтаеванын Гүлнара Кахарованын жолдошу менен бирге түшкөн сүрөтүнөн башталган. 

Кыргыз эстрадасынын баатыр энеси аталып жүргөн эл сүйгөн талант Гүлнара Кахарова өздүк баракчасына жолдошунун Салима Балтаева менен түшкөн сүрөтүп жарыялап, "Салиманы көргөндөр болсо мага айтып койгулачы, издеп жүрөм. Бул сүрөткө калың элдин алдында жооп берип койсун" деген билдирүү калтырган. 
Көп өтпөй Салима Балтаева менен бирге тоого бара жаткан видеосун жарыялап, алдап тоого алып барып, пистолет менен коркутканы жатканканын айткан. Видеодон Салима Балтаеванын качып бара жатканын көрүүгө болот. 
https://www.instagram.com/p/B8tiWKgj171/?igshid=4vuqnnx23nlz

Сахналаштардын мындай тамашасы күйөрмандарын абдан кубандырууда. Алар "уландысын күтөбүз", "атайын убара болуп видео тартып, элдин көнүлүн көтөргөнүңөргө рахмат" деген өңдүү билдирүүлөрдү калтырып жатышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter