У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Стилист Айпери Эрматова карылар үйүнө барып, апаларды сулуулап келди


Стилист Айпери Эрматова бүгүн, 19-февралда карылар үйүнө өзүнүн командасы менен барып 100дөн ашуун багаар-көрөөрү жок карылар үйүндө жан багып жаткан ата-апалардын чачтарын кыркып, боеп, сулуулап кайтты. Боорукер кыз менен байланышып, баарлаштык.

- Айпери, кайсы карылар үйүнө барып кайттыңар? 
- Бишкектен обочороок жайгашкан "Төмөнкү Серафимовка социалдык стационардык мекемесине"  барып, жүздөн ашуун ата-апалардын чачтарын кыркып, боёп, сулуулап келдик. Ал жерде жалпысынан 340 адам жашайт экен.

 
- Азык-түлук да алып барган окшойсуң?
- Ооба, куру кол барбайлы деп атайын азык-түлүгүбүздү да ала бардык, бизди көрүп аябай кубанышты. 
- Жүрөгуң ооруп чыккандырсың?
- Ооба, өзгөчө 99 жаштагы апаны көрүп боорум ооруду. Көзү да жакшы көрбөй калыптыр. Дагы келгилечи, бизди алып кеткилечи деп жүрөгүбүздү оорутушту. 20 жылдан бери коляскада отурган майып эже бар экен, ал эжеге да өзгөчө жүрөк оору болуп кайттым. Абдан таланттуу экен, ырдаганы укмуш, колунан көөрү төгүлгөн уз айым экен. Бөлмөсүн аябай сонун кылып жазап алыптыр. Баары кубанып баталарын беришти. Азыр бир эсе толкунданып, бир эсе кайгырып үйгө кайтып бара жатабыз. Эч ким ата-энесин таштабаса экен. 


- Өзүңдүн кичинекей кызың бар экенин билебиз, ошого карабай кайрымдуулук кылып жатыптырсың...
- Ооба, кызымды апам (кайын энем) багып жатат. Кызымды калтыра коюп ушинтип иштеп жүрөм.



Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter