У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Малик Аликеевге жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп ачылды


Ырчы Малик Аликеевге жардамга кол сунгусу келгендер үчүн атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу өнөр адамдары жазып чыгышты. 

"Туугандар, Малик Аликеевге атайын эсеп ачылды, канча болсо да көмөк көрсөтөлү, 100 сом салсаңыз да пайда. Талантты ташыркатпай чуркаталы! “Мөлмөлүм” ыры менен жалпы кыргызга таанылып, мукам үнү менен элдин жүрөгүнөн орун алган таланттуу ырчы Малик Аликеев тагдырдын сыноосуна кабылып, учурда дарт менен алышып жатат. Баса албай калгандыктан ага тез арада дарылануу зарыл. “Көп түкүрсө көл болот” дейт, келгиле баарыбыз жардам кылалы. Элүү сом, же жүз сом – канча болсо да ниетиңиздерден чыгарган каражатыңыздар таланттуу адамды жашоого кайрып алып келээрин билиңиз. Кайдыгер болбойбу, көңүл сыртында калтырбайлы. Баарыбыз бирдей кол суналы. 
0703 304747 – Элсом
Оптима картасы - 4169585344757652" деп жазылат маалыматта. 

Эскерте кетели, ырчынын төшөктөн тура албай калгандыгы тууралуу маалымат социалдык тармактарда активдуү тарап жаткан кези. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter