У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өмүрбек Израилов, актёр: "Театр мен үчүн бүтүндөй өмүр"


Таланттуу актер, ырчы, аткаруучу, алып баруучу, режиссер айтор таланттын баарын өзүнө камтыган жаштарыбыздын бири Өмүрбек Израиловдон кызыктуу маек...
  • Театр сен үчүн?
  • Театр мен үчүн бүтүндөй өмүр, менин экинчи үйүм жана нан таап жеген куттуу жерим. Ушул жердин арты менен тасмаларга тартылып, ушул жердин арты менен элге аз да болсо таанылып келе жатам. Андыктан театрды ак жолтой өргөөм дегим келет.
  • Режиссурага да кадам коюптурсуң. Алгачкы спектаклиңди көрүүчүлөргө тартуулаптырсың, куттуктайбыз. Толугу менен киришүү планындасыңбы?
  • 2015-жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайды аяктагандан кийин дароо эле Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинин “Режиссура” факультетинин сырттан окуу  бөлүмүнө тапшыргам. Быйыл окуумду аяктап, дипломдук ишимди тагыраагы өзүм койгон спектаклимди элге тартууладым. Айтылуу театр таануучу Ж.Осмоновдун “Сен экөөбүз” аттуу пьесасын колумдан келишинче  сахналаштырганга аракет кылдым.  Спектаклди өткөн жылы май айында коомчулукка тартууладык. Университетте окуткан агай-эжелерим, театрдын көркөм кеңешинин мүчөлөрү, театр сынчылары келип көрүп кайтышты. Чыгарманын автору Жаныш Кулмамбетов агай өзү келип колумду кысып кетти. Бул мен үчүн чоң сыймык. Ал эми режиссурага толук киришүү тууралуу азырынча ойлонуудамын. Кудай буюрса толук киришем деген ойдомун. Эгер агайым уруксат берсе, ишенсе дагы да спектаклдерди койгонго даярмын.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter