Казакстандын экс-президенти Назарбаев коронавирус жуктуруп алды
- 18.06.2020, 13:52,
- Коом
- 465
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Казакстанды мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Назарбаевдин расмий сайты кабарлады.
Маалыматта «Казак эл башчысы Нурсултан Назарбаевдин соңку тестинен коронавирус аныкталды. Учурда ал карантинге алынды. Чочулоого негиз жок. Нурсултан Назарбаев аралыктан иштеп жатат”, - деп айтылат.
Эске салсак, буга чейин Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус табылган.