Орусия коронавирус инфекциясы көп катталган бешинчи өлкө болду
- 07.05.2020, 16:59,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Орусияда 11 миңден ашуун адам вирус жуктуруп алганы тастыкталган. Коронавирус инфекциясы менен ооругандардын жалпы саны 177 160 миңге жетти. Муну менен Орусия 7-майда коронавирус эң көп катталган беш өлкөнүн катарына кирди.
Вирус эӊ көп катталган өлкөлөр: АКШ 1 миллион 263 миң, Испания 253 миң, Италия 214 миң жана Британия 201 миң, Орусия 177 160 адам.
Орусияда вирус илдетинен 23 803 бейтап айыгып, каза болгондордун саны 1625 адамга жеткен.