У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Олег Панкратов кеңешчилик кызматтан кетти


КР Президентинин кеңешчиси Олег Панкратов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга Олег Панкратовдун башка ишке өткөндүгүнө себеп болду дейт маалыматта. Ал кеңешчилик кызматта 9 ай гана иштеди. Тактап айтканда былтыр июль айында президенттин кеңешчиси болуп дайындалган.

Олег Панкратов 1969-жылы 1-январда Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1992-жылы Педагогикалык институтту физика, информатика жана эсептөө техникасы адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүнөн билим алган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter