У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мезгил талабындагы курулуштар – милициянын ишине өбөлгө

 
Заман ыргагы закымдаган сайын адамзат ар түркүн ачылыштарды жасап, ааламды көрккө бөлөп да, адамзаттын талабына шайкеш не бир түркүн имараттарды куруп, шаарларды салууда. Ошол эле маалда муктаждыктар да дээрлик жоюлуп кеткен жок. Арийне, Ала-Тоо койнунда да мезгил шарынан артта калбоо аракети жыл санап арбып барат. Ишти ийгиликтүү жүргүзүү үчүн заман талабына ылайык имараттар курулуп, оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлүп турганы жакшы эмеспи. Өлкөбүз өрүшкө карай кадам салып жатканда өрнөктүү айрым иштерди айтып кетпесек болбос. Андык тан бүгүн биз өлкөдөгү курулуштар жаатынан кеп козгоону туура таптык. Бул сапар Ички иштер министрлигиндеги курулуп жаткан имараттар, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү тууралуу айталы. Аныгында, Ички иштер тармагына таандык имараттарды кез келгенэле курулуш компаниялары куруп, оӊдоо-түзөө иштерин жүргүзө албайт. Ошондуктан, өзүнүн жол-жобосуна ылайыктап, алыскы аймактардан тарта борбор калаа Бишкекте ИИМге тиешелүү имараттарды куруу, оӊдоо-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн ИИМдин атайын курулуш монтаждоо башкармалыгы бар. Аталган башкармалыктын башчысы Түркбаев Айдынбек Бөрүбаевич ИИМдеги курулуштар жаатында маалымат берип, баарлаштык.
 
- Айдынбек Бөрүбаевич айтсаңыз, Ички иштер министрлигине тиешелүү имараттарды куруу, оӊдоп-түзөө иштерин жүргүүзүдө башка компанияларга же курулуш ишканаларына салыштырмалуу кандай өзгөчөлүктөр, айырмачылык бар?
- Кадимки эле курулуш ишканалары сыяктуу иштерди биз деле аткарабыз. Бирок, ИИМге тиешелүү имараттарды куруу оӊдоп-түзөө иштеринин өзгөчөлүгү татаалыраак. Себеби, бул жакта имараттарды салуу жана структурасы татаал болуп, купуялуулукту сакташ керек. Мисалы, курал сактай турган кампаны же дагы бир жашыруун объектилерди курууда, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө атайын уруксаат кагазы болуш керек. Ошондой эле белгилүү бир талаптар менен иштеп, берилген убакыттын ичинде ыкчам бүтүрүп беришибиз керек. Ар биз имараттын өзүнүн шарттары, талаптары бар ошого ылайыктап жасап беребиз. Башка курулуш компанияларында же уюмдарында бизге салыштырмалуу купуялык, өзгөчө талап дегендер жок.

- Жакында эле, тагыраагы жайкы сезонго карата Ысык-Көлдө ИИМдин “Дзержинец” эс алуу борборунун ачылышы болду. Ал жерде да жаӊы курулуштар же оӊдоп-түзөөлөр жүргүзүлдүбү?
- Ички иштер министри Улан Ниязбековдун демилгеси менен ИИМдин “Джержинец” эс алуу жайына быйыл заман шартына төп келгидей капиталдык ремонт жүргүзүлдү. Баардык эс алуу корпустары, ашкана, жатакана, балдар эс ала турган баардык жайлар, суу түтүктөрү, канализация толугу менен ремонттолду. 2023-жылга карата “Джержинец” эс алуу борборунун оӊдоп-түзөөдөн өткөндөн кийинки ачылышына ички иштер министинин орун басары Октябрь Урмамбетов жана ИИМдин Генералдар Кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев катышып, жасалган иштер менен таанышып чыгышып, түзүлгөн шарттарга ыраазы болушту. Октябрь Урмамбетов “Джержинец” эс алуу борборунда балдардын жана ИИМ Ардагерлеринин эс алуусуна мындан ары да мыкты шарттар түзүлө тургандыгын белгиледи.

- Дегеле, ушу тапта өлкө аймагында Ички иштер министрлигине тиешелүү кандай имараттар курулуп бүткөрүлдү, курулууда же оӊдоп-түзөө иштери жүрүүдө?
- Ушу тапта курулуш, оӊдоп-түзөө иштери абдан көп жерлерде жүрүүдө. Албетте, баардыгын айта албайм, анын мыйзам чегиндеги себептери бар. Антсе да айрымдарын атап өтөйүн. Эсеби маселен, Нарын ОИИБнын имаратында , Чүй ОИИББнын имаратында, Бишкек ШИИББнын мониторинг борборунда, ИИМдин Медициналык башкармалыгынын госпиталында, ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясында, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында оӊдоп түзөө иштери жүрүүдө.
Чүй ОИИБнин Кемин РИИБинде чатыр алмаштыруу иштери башталууда.


Бишкек шаарынын Көлмө жаӊы конушунда Милициянын аймактык бөлүмү 2023-жылдын май айында бүткөрүлүп, ишке берилди.
Чүй облусунун Беш-Күӊгөй айылында 2 кабаттуу Аймактык милиция бөлүмүнүн курулуш иштери аяктоо алдында турат. Буюрса сентябрь айында ишке берилет. 
Жумгал РИИБнүн 2 кабаттуу имаратынын капиталдык курулуш иштери 2022-жылдын май айында башталып, бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүүдө.

Ага улай эле, ИИМдин Ички аскерлеринин 7702 аскер бөлүгүндө 200 орундуу казарма курулуп бүтүүдө. Буюрса октябрь айында колдонууга берилет. Ошондой эле  ИИМдин Атайын багыттагы полкунда 500 орундуу казарма курулууда.
Ош шаарында кызматкерлердин балдары үчүн 75 орундуу бала-бакчанын курулушу башталды. Ош ШИИБнын санариптик командалык борборунун имараты курулууда. Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы «Головной» аймагында аскердик бөлүктүн Казармасы курулуп, ишке берилди. Ошол эле Көк-Таш айылындагы Ички аскерлердин 707 аскердик бөлүгүнүн имараты курулууда.  Жалал-Абад ОИИБнын Чаткал РИИБүнүн жаӊы имаратынын капиталдык курулуш иштери башталып, жүрүп жатат.
Бул эми, айрым бир гана курулуштар. Мындай курулуштар ар бир облуста ондоп саналат. 

- Иштин көзүн билген, анык профессионалдарсыз мыкты натыйжага жетүү мүмкүн эмес да. Андыктан, жогоруда айтып өткөн имараттарды курууда эмгеги сиӊип, тажрыйбасы арткан кесиптештериӊизден атай кетээрсиз?
- Албетте, биздин иште ар бир адамдын аткарган милдети өтө олуттуу. Ооба, мыкты адистерсиз көздөгөн максатка жетүүгө болбойт. Бизде да өз ишинин чебери болуп, чыгармачылык жана талыкпаган эмгек менен баштаган ишинин майын чыгарган күжүрмөн кызматкерлер арбын. Албетте, жалпы баарынын аттары аталууга татыктуу. Кызматкерлер өлкөнүн баардык аймактарындагы курулуш иштердин дээрлигин колго алып, олуттуу жүктү артына ишти алдыга сүйрөөдө эмгектери зор болууда. Арийне, биздин команда бир муштумдай түйүлүп, бирдиктүү иштей алгандыктан бирин экөөнүн ысымын эле атап коюу туура эмес болуп калат. Андыктан ИИМдин курулуш монтаждоо башкармалыгынын ар бир кызматкери мен үчүн баалуу жана ардактуу. 
 
Маектешкен Кубаныч ЗАЙНИДИН


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter