Балыкчыда 5-класстын окуучусу сабалып, ооруканага түштү
- 17.04.2023, 14:28,
- Коом / Жаңылыктар
- 4
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Балыкчы шаарында 5-класстын окуучусун мектеп окуучулары сабап кетишкен. Учурда кыз ооруканадагы кыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Максатбек Сарбагышев билдирди.
Анын айтымында, окуя 13-апрелде болгон.
«Азыр окуучу кыз ооруканада. Кызды апасы жалгыз тарбиялайт. Шаардык кеңештин депутаттарынын жардамы менен бул ишти жабуу аракетин көрүшүүдө», - дейт Максатбек Сарбагышев.
Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева белгилегендей, текшерүүлөр жана түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Ал эми Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, факт катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милициянын маалыматына караганда, үч окуучунун ортосундагы чыр дене тарбия сабагы учурунда тутанып, мектептен кийин көчөдө уланган. Натыйжада жабырлануучуну анын эки классташы сабап кетишкен.