Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков АКШ, Кытай, Индия менен биргелешип, бюджети 40 миллион доллардан 100 миллион долларга чейин жеткен “Манас” тууралуу көркөм фильм тартканы жатышканын vb.kg сайтына билдирди.
Анын айтымында, Нью-Йоркто америкалык продюсерлер менен “Манас” көркөм фильмин тартуу тууралуу макулдашуу жүрүп жатыптыр. Жакында келишим түзүлүшү мүмкүн экен.
Өмүрзак Төлөбековдун мындай жаңылыгы кыргыз элин сүйүнткөн жок. Тескерисинче, анын бул кылыгы сынга алынып, аны Манас дүйнөсүнө таптакыр жолотпош керектиги боюнча кызуу талкуу жүрүп жатат.
Ырасында, Өмүрзак Төлөбеков аябай чыгаан, таланттуу мыкты режиссёр болгондо, балким ишеним артылмак. Бирок, анын кинолорунун, өзүнүн дагы деңгээли кыргыз журтуна белгилүү эмеспи. Бардан дагы, "Манастын уулу Семетей" деп кино тартып, ашмалтайын чыгарган жоругу эсибизден чыга элек. Анын коммерциялык кызыкчылык менен кыргыз элинин рухий дөөлөтү Манаска карата эптеп эле акча табуу максатындагы жеңил-желпи мамилесин ооздуктоо зарыл. Эртең кеч болуп кала электе, тыюу салуу кажет.
Арийне, "Америка-Индия болуп биргелешип" кино тартканы жатышыптыр деген жаңылыкка кубанмак түгүл, чочулап кооптонгондор арбын. Себеп дегенде, кино тартам дегендерге ишенич жок. "Режиссёр" Төлөбековдун Манас ааламынын жүгүн көтөрүүгө даремети жетпейт. "Манастын уулу Семетей" киносун эмне кылды? Эми кетмендин башын кайра тебелеген каталыкка, кемчиликке жол берилбесин. Ат деле бир мүдүрүлгөн жерин кайра баспайт. Төлөбеков мүдүрүлгөн жерине оонап калса дагы, жалпы кыргыз журтчулугу Манастын, кыргыздын касиет, кутун учура турган жосунсуз жорукка кайдигер болгонго акысы жок.
Өзгөчө, мындай жагдайда манасчылар, маданият ишмерлери, жазуучулар кумга башын каткан төө куштай болбой, маселени өлкө башчысына чейин коюуга милдеттүү.
Анткени, Манас – Төлөбековдун атасынан калган жеке мурас эмес. Манас – кыргыз улутунун көөнөрбөс рухий кенчи. Кыргыздын карманган рухий өзөгү, улуттук баалуулуктарынын тамыры. Аны ар ким кир колу менен жулмалап, арам максатына пайдаланбашы керек. Ошол үчүн Манасты коргоо боюнча мыйзам бар. Демек, мамлекет тарабынан корголууга тийиш. Манас тууралуу кандай аракеттер болсун, тыкыр иликтенип уруксаат берилиши милдет. Ансыз болбойт.
Өкүнүчтүүсү, Эмил Каптагаев белгилегендей, Манасчы Рыспай Исаковдун бул маселе боюнча тиешелүү жерлерге Маданият министирине чейин барышса да, "тартса тарта берет да, ар кимдин өз иши, тыюу сала албайбыз" - дегендей жооп беришти дегени ырас болсо, бул акылга сыйбай турган жоопкерчиликсиз одоно ката. Ошондой, жооп бергендерди иштен алыш кажет.
Эгер, мамлекет Манасты коргоого милдеттүү экенин, ал боюнча атайын мыйзам иштээрин билбеген жетекчи, мейли жөнөкөй кызматкер болсун, мамлекеттик кызматта иштөөгө укугу жок. Андай өз улутунун намысы болгон рухий баалуулуктарын барктай албай чанган, кайдигер маргинал нигилист иштен алынса, кыргыздын өзөгүн кемирген митеден кутулган болобуз.
Мына 2011-жылдын 28-июнунда "Манас" эпосу жөнүндө кабыл алынган мыйзамда баары так көрсөтүлүп жазылган.
Ал мыйзамдын 1-статьясынын 3-пунктунда: "Манас" эпосунун үчилтиги кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык мурасы болуп саналат", - деп кашкайып жазылып турат.
Ошондой эле, 5-статьянын 1-пунктунда: "Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн адамдар "Манас" эпосунун үчилтигине Кыргыз Республикасынын элинин өзгөчө сыймыгы катары мамиле жасоого милдеттүү. "Манас" эпосунун үчилтигине сый мамиле жасоо - ар бир жарандын атуулдук парзы" - деп жазылган.
Ушул эле статьянын 2-пунктунда объектилерге же продукциялардын аталышына "Манас" терминин колдонуу "...Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте уруксат берилет" - деп жазылып турат.
Баары мыйзамда бадырайып жазылып турса, бийлик, айрыкча Маданият министирлиги Манасты коргой албайбыз деп оозун ача турган болсо, мыйзамды аткарбаган, өз милдетин, ыйгарым укуктарын билбеген, шалаакы, кайдигер, жоопкерчиликсиз мамилеси үчүн тиешелүү жетекчилерге чара көрүлүп, мыйзам чегинде жоопко тартылышы абзел.
Коомдук, мамлекеттик ишмер Эмил Каптагаев баса белгилеп жазгандай: "Интеллектуалдык мурас - бул интеллектуалдык менчик, ал бизде эле эмес бүткүл дүйнөдө мыйзам менен корголот. Мамлекет мыйзам менен аныкталган өз менчигин коргой албаса, анда кимди коргойт?..."
Айтор, Өмүрзак Төлөбеков мейли жакшы ниет менен болсун, мейли эптеп акча тапсам болду деген кызыл кулактык мамиле кылсын, мейли башка арам максатты көздөгөн ниети болсун, кандай болсо дагы Манас ааламын аңтарганга жол берилбесин. Улуттун рухий көөнөрбөс кенчине, өзөгүнө кол салбасын.
Тартса, Жапаров тууралуу тартсын. Ал бүтсө Ташиев боюнча тартсын. Ышкысы жай бербей ээлирип баратса, кошоматчы инилери олуя атап жатышпайбы Эдил Байсалов тууралуу тартсын. Эзели Манаска тийишпесин.
Манасты тартыш керек болсо, мамлекеттик масштабда атайын окумуштуулардан, чыгармачыл профессионал адамдардан турган атайын дирекция түзүлүп, жылдап сценарийи жазылып, каармандар тандалып, майда-барат баардык нерсеси эсепке алынып, каржысы чечилип дүйнөдө жок шедевр тартылыш керек. Ага мүмкүнчүлүк жок болсо, деңгээлин билбеген көчөдөгү бирөөлөргө жулмалатпай тек жайына коюу керек.
Алмаз Темирбек уулу