У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баңгизаттарын “жашырууга” аркет кылган Бишкек шаарынын алдыңкы мектептеринин биринин окуучулары кармалды


 УКМК тарабынан 2023-жылдын 27-мартында И.Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын “жашырууга” аракет кылып жаткан жеринен Бишкек шаарынын алдыңкы мектептеринин биринин 11-9-классынын окуучулары, 2005-жылдын 4-февралында туулган А.А.Б. жана 2007-жылдын 8-майында туулган А.Б.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, кармалгандардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык “Альфа PVP” баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 гр.) табылып алынган. 
 
«Бул 1 гр. заттын базар баасы 10 000 сомду түзөт, бир таңгагы интернет мессенджерлер аркылуу 5 000 сомдон сатышууда. Бул табылып алынган 921 гр. баңгизаттан 2302ге жакын доза чыгат, башкача айтканда, баңгизаттын “дозалап” сатылган баасы 11 857 500 сомго жетет”,-деп жазылат маалыматта.
 
Бул фактынын негизинде, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту “Өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча кылмыш иши козголгон.
 
“Аталган топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 4-апрелинде Ж.Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кезектеги ири партияны алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын 2004-жылдын 2-августунда туулган тургуну А.С.Д. кармалды”,-деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.
 
Кармалгандар КР УКМК тергөө абагына киргизилди.
 
“Бүгүнкү күндө синтетикалык баңги каражаттарынын жаңы түрлөрүнүн динамикалык түзүлүшү жана пайда болушу, ошондой эле байланыштын коопсуз ыкмаларынын (Интернет мессенджерлери, социалдык тармактар) пайда болушунан улам, баңгизаттарды жайылтууну жана сатууну уюштурууга белгилүү акчалай сыйлыкты убада кылуу менен көбүнчө студенттерди жана мектеп жашындагы балдарды тартышууда”,-деп билдирди УКМК.  
Буга байланыштуу КР УКМК ата-энелерди балдарына камкордук кылууга, алардын убакыт өткөрүүсүн жана чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.
 
“Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан баштап мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертебиз.
Учурда аталган баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, активдүү иштер жүргүзүлүүдө”,-деп кошумчалады УКМКнын басма сөз кызматы. 
 
УКМК жарандарды баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катыштыгы бар фактылар болсо билдирип коюуга чакырат, анонимдүүлүк сакталат.
 
Мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды өз ыктыяры менен кызматташууга келсе, улуттук коопсуздук органдары максималдуу түрдө мыйзам чегинде коргоону жана жардамды камсыздайт. Нөөмөт телефон номери 0312-66-04-75; 0312-62-65-04.


Пикир калтыруу
A stellar  lineup of the biggest web slots. You've created a gaming paradise.  สล็อตเว็บใหญ่
This topic resonates  with me. It's time for manufacturers to step up and improve slot durability.  สล็อตเว็บตรง  แตกง่าย
Here at this site incredibly the essential material assembling so everyone can esteem an extraordinary game plan.  เว็บสล็อตทุกค่าย
Locate the best articles on is my companion's profile page.  สล็อตโรม่า

Uncommon tips and clear. This will be to a great degree supportive for me when I get a chance to start my blog.  ป๊อกเด้งออนไลน์
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter