У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектеги үйлөрдүн биринен жарым миллион сом жана 800 доллар уурдалган


Бишкектеги үйлөрдүн биринен көп суммадагы акча уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу 31-мартта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Кылмыш 28-февралда Кара-Жыгач жаңы конушунда болгон. Ошол күнү үйдөн 500 миң сом, 800 доллар жана 30 миң сомдук алтын чынжыр уурдалган.
 
Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен  катталган.
 
Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган К.И., жана 1992-жылы туулган А.С. кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
 
Тергөө иштери уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter