У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жашы жете элек кыз турмушка чыккан. Кочкор райондук соту ишти карады


 Кочкор райондук соту турмушка чыккан жашы жете элек ишин карады. Бул тууралуу 24. kg агенттиги Кочкор райондук сотунун чечимине таянып жазды. 
 
Айыпталуучулар: күйөө баланын ата-энеси, кыздын апасы, нике кыйган молдо  жана кыздын жолдошу болгон.
 
Соттук отурумда жабырлануучунун апасы 16 жаштагы кызынын турмушка чыгышына каршы болгонун, бирок кызы сүйлөшкөн жигитине турмушка чыкпаса, өз жанын кыя турганын айтып коркутканын, өзүнө кол салып албасын деп корконунан макул болгонун билдирген.  
 
Ал эми кыздын жолдошунун ата -энеси кыздын жашы 16да экенин билбегенин, уулу үйлөнөм дегенде макул болуп, кыздын ата-энесинин алдынан өтүп, сөйкө салып кыргыздын каада-салты менен келин алганын айтышкан. 
 
Эки жаштын никесин кыйган молдо буга чейин нике кыюуда жаңы үйлөнүп жаткандардын паспорттордун текшерип келгенин,  бул жолу ага кыз паспортун жоготуп алганын айткандыктан, аларга ишенип нике кыйып бергенин мойнуна алган.
 
Кыз сотто жигитти сүйүп калганын, ага турмушка чыгууга өз ыктыяры менен макул болгонун, 18ге чыга элегин айтса, молдо нике кыйбай коет, үйлөнбөй калабыз деп коркуп, молдону алдап коюшканын билдирген. 
 
Учурда кыз жолдошунун үйүндө жашайт.  
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter